Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору Жансейит Туймебаев жана Казакстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ректор мэрге университет, анын факультеттери жөнүндө айтып берип, билим берүү мекемеси дүйнөдөгү 200 мыкты университеттин катарына киргендигин белгиледи.

Өз кезегинде Бактыбек Кудайбергенов бул долбоордун борбор үчүн мааниси жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр бар экендигин билдирди.