2021-жылы 23-июнда Биринчи май районунун “Бугу-Эне-Багыш” жаңы конушуна көчмө жыйын уюштурулду.

Көчмө жолугушууга Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү, вице-мэр Азамат Сагындык уулу, Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Болотбек Апилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик агенттиктин Ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү, архитектура жана курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба  департаментинии өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар электр менен жабдуу линияларын куруу объектисиндеги жумуштардын аяктоосу менен таанышышты.

Курулган линиялардын жалпы узундугу 3 чакырымды түзүп, 103 электр  мамылары орнотулган. Бул максаттарга шаардык бюджеттен 5 156 959 сом бөлүнгөн.

Тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында 219 метр тереңдиктеги кудук калыбына келтирилди. Сууну лабораториялык изилдөө Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан жүргүзүлгөн.

Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү жана канализация  департаменти “Таза-Суу” программасынын алкагында суу чыпкасын жана скважинаны иштетүү үчүн контейнер орнотту. Жаңы конуштун жашоочулары таза ичүүчү суу менен камсыз болушту.

Шаардык транспорт башкармалыгы жүргүнчүлөрдү ташуу маселесин чечип, жаңы конушка №120- каттам ачылды. Биринчи май акимиаты жаңы конуштун борбордук көчөсүн түздөп, шагыл төшөдү.

Жогорудагы иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы У.А. Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Б.Ж. Кудайбергеновдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлдү.