Кыргыз Республикасынын муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлеринин күнүнө карата борбор калаанын мэриясында сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кесиптик майрамы менен куттуктап, өзгөчөлөнгөн муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктайт жана чоң ийгиликтерди каалайт.