Биринчи май акимиатында район башчысы Максат Нусувалиевдин төрагалыгы астында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча координациялык кеңештин отуруму болуп өттү.

Жолугушууга Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү борборунун директору, райондогу МАБтардын жетекчилери, райондук кызматтын башчылары, билим берүү мекемелери, үй жана кварталдык комитеттеринин төрагалары катышты.

Комиссия жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, жашы жете электерге карата физикалык жана сексуалдык зомбулук фактылары, турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана жашы жете электер арасында суициддин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер жөнүндө маалыматтарды карады.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлүнүн катышуусунда, коңшу мамлекеттерден келип (Өзбекстан жана Тажикстан)  жашы жете элек балдар менен кайырчылык кылган чет элдик жарандарды чыгаруу маселеси боюнча талкуу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында, башчы турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жөө кыдырып аныктоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу максатында, компьютердик клубдарда жана эл көп топтолгон жерлерде пландаштырылбаган рейддерди жүргүзүү жана жашы жете электердин мыйзамдуу өкүлдөрүнө балдарын кароосуз калтырбоосу, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу  боюнча калк арасында туруктуу негизде маалыматтык иштерди жүргүзүү милдеттендирилди.

Маселе райондун администрациянын жетекчилигинин көзөмөлүндө.