Биринчи май районунун администрациясында Балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Комиссия мүчөлөрү балдар укугун коргоо жана турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам берүү, зомбулукту  алдын алуу боюнча 24 материалды карашты.

Жашы жете элек балдары менен кошо кайыр сурап жүргөн Өзбекстандын жарандарынын материалдары боюнча  балдарды алуу жана  балдарды реабилитациялоочу адистештирилген борборуна жайгаштыруу чечими кабыл алынып,   энелерине балдарды тилемчилик кылууга жол бербөө боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жашы жете элек үч бала фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды.