Ленин районунун аймагын көрктөндүрүү үчүн башчынын текшерүүлөрү уланууда.

Бул жолу райондун акими Мелис Өскөмбаев Чайков жана Лущихин көчөлөрүнүн санитардык абалын жана сугат арыктарынын абалын текшерди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, район башчысы “Бишкасфальтсервис” муниципалдык ишканасына жаан-чачын жана эриген сууларды агызуу үчүн темир-бетон лотокторду орнотуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле, Чайков көчөсүнүн жашоочуларына көрктөндүрүү жана тазалоо эрежелерин сактоо, курулуш таштандыларын башаламан таштабоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын №2- МАБтын жана Санитардык-экологиялык инспекциянын башчылллрына тапшырмалар берилди.