Ишемби күнү таң эрте бишкектиктер салтка айланган жалпы шаардык ишембиликке чыгышты.

Борбор шаарды тазалоого 12 миң 300гө жакын адам активдүү катышты, булар: шаар тургундары, муниципалитеттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, райондук кызматтар, ошондой эле уюмдардын, ишканалардын жана чарбалык субъектилердин өкүлдөрү.

Бүгүн биз 117 тонна таштанды чогултуп, төктүк.

Жалпы шаардык ишембиликке катышкан жана сүйүктүү шаарыбыздын кыйла таза болушуна жардам берген ар бир шаар тургунуна ыраазычылык билдиребиз!