Урматтуу жарандар, ишкерлер, компаниялар! 2021-жылдын 28-30-апрелинде Ташкент шаарында (Өзбекстан) "Тамак-аш азыктары, татымалдар жана өндүрүш технологиялары - UzFood 2021" 20-маарекелик эл аралык көргөзмөсү өтөт.

Көргөзмөдө төмөнкү негизги бөлүмдөр көрсөтүлөт: Бодо малдын жана канаттуулардын эттери, сүт азыктары, кондитердик азыктар, азык-түлүк, суусундуктар, тамак-аш татымалдары, тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдуулар, нан азыктары, таңгактоочу материалдар жана жабдуулар.

Ошондой эле "Чекене соода борбору" уюштурулат, катышуучулар даяр тамак-аш азыктарынын соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшө алышат. Катталган расмий сатып алуучуларга сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн атайын шарттар сунушталат. Толугураак www.uzfoodexpo.uz сайтында.

Дүйнө өлкөлөрүнөн 100дөн ашуун компаниялар көргөзмөгө катышаарын тастыкташты: Австрия, Азербайжан, Болгария, Германия, Индия, Индонезия, Испания, Италия, Казакстан, Латвия, Беларуссия, Корея, Россия, Сауд Арабиясы, Словакия, АКШ, Түркия, Өзбекстан, Украина, Франция жана башка.

Салтка айланган катышууну Омск жана Москва облустарынын Татарстан,  Беларуссия Республикасынын ишканаларынын жамааттык стенддери тартуулашат.

Көргөзмө Өзбекстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген ден-соолуктун коопсуздугунун бардык стандарттарын жана талаптарын сактоо менен өткөрүлөт.

https://uzfoodexpo.uz/ веб-сайтына катталып, жеке электрондук төш белгини ала аласыздар. Толук маалымат: Яна Иванова, + (998 71) 205 14 14, электрондук почта: yana_ivanova@kongress-servis.uz

Көргөзмөнүн иштөө убактысы: 28-апрель саат 11:00дөн18:00гө чейин; 29-апрель саат 10:00дөн 18:00гө чейин; 30-апрель саат 10:00дөн 16:00гө чейин