Шаардыктарды ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштешүүдө.

Күнү-түнү жарандардын  кайрылуулары менен, майда кырсыктарды тез арада жоюп, суу түтүктөрүнөн суу агып кетишин токтотуп, насосторду оңдоп жана орнотуп, суу түтүктөрүнө болгон басымды жөнгө салабыз.

Акыркы дем алыш күндөрү гана шаардыктардан "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын (1533) күнү-түнү иштеген кызматына  74 арыз келип түшкөн.

“Асанбай” кичи районунун тургундарынын кайрылуулары менен шаардык суу канал ишканасынын ыкчам кызматкерлери жерине барышты, биз кудукту ачып, дренаждык тутумду тазалоого туура келди. Тазалоо учурунда түтүктөрдөн ар кандай “кенчтерди” кездештиребиз, мисалы, өткөн жолу шаар тургундары жашылча-жемиштерди, үй таштандыларын, желим бөтөлкөлөрдү, баштыктарды жана башка таштандыларды дааратканага төгүп агызганга аракет кылышкан.

Урматтуу шаардыктар! Мындай иштерди кылбаңыздар! Ар дайым ичүүчү суу менен камсыз болуш үчүн, канализация тутумунуна  таштандыларды төгүп толтурбаңыздар жана сууну үнөмдөңүздөр!

Суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолор менен төмөнкү телефонго кайрылыңыздар: 1533 - бул жарандардын кайрылуулары боюнча бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле, борбордук мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номурлары күнү-түнү иштейт, көйгөйлөр бар фото жана видео фактыларды WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтсөңүздөр болот.