Борбор калаанын мэриясы шаардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирип, мыйзамсыз объектилерди тазалоо иштерин улантууда.

Бишкек шаарнын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын тобу уруксатсыз орнотулган объектилерди “тазалоо” үчүн чыкты.

Бул жолу Малдыбаев көч. №26- үйдүн жанындагы мыйзамсыз темир тосмону алдык.

№12- кичи районунда жеңилдетилген типтеги төрт объект демонтаждалды: тоок-гриль, куймак сатуу точкасы жана эки камок.

"Достук" кичи районунда ээлеринин уруксат кагаздары жок павильон алынып салынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз.

Ошондой эле, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы социалдык тармактарда бар:

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/;
Instagram: @ uzs.bishkek;
Twitter: @uzsmeriakg.

Биз жакынбыз, байланыштабыз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!