Борбор калаанын мэриясы шаардын көчөлөрүн кыдырууну улантууда, биз зордук-зомбулукка кабылган, кайыр сураган же жумушка мажбур болгон балдарды издөөдөбүз жана табуудабыз.

Свердлов районунун акимиатынын кызматкерлери Ички иштер башкармалыгынын , жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, МАБ менен биргеликте көчөлөрдү, сейил бактарды, компьютердик клубдарды, мечиттер, базарлар жана соода борборлорун текшерүүдөн өткөрдү.

Биз,"Ак-Эммир", "Чынар", "Улар", "Таалай", "Дордой", "Аламүдүн", "Мадина" базарларын, "Дордой Плаза", "ЦУМ Айчүрөк", ошондой эле борбордук мечиттин, жана Москва,  Гоголь, Осмонкул көчөлөрүндөгү мечиттердин аймагын текшерип чыктык.

Рейддин жүрүшүндө кароосуз калган 21 өспүрүмдүн өздүгү аныкталып, алардын бардыгы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Ар бир бала менен биздин адистер, психологдор тушүндүрүү иштерин жүргүзүштү, 12 бала Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жөнөтүлүп, 9 өспүрүм ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул багытта текшерүүлөр ар дайым болуп турат.

Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, балдарды тарбиялоо, багуу жана алардын коопсуздугу үчүн сиз жана сиз гана жооптуусуз! Балдардын эмгегин анын эң начар көрүнүштөрүндө колдонууга тыю салынат!

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдардын зордук-зомбулугуна же кайыр сурагандыгына күбө болсоңуз, токтоосуз милицияга 102ге жана бизге, райондордогу үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнө чалыңыздар:

Октябрь району: 510375;
Ленин району: 883899;
Свердлов району: 530576;
Биринчи май району: 670386.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.