Урматтуу шаардыктар, балдар жана ата-энелер! "Дордой"  жаңы конушуна жаңы бала бакчанын курулушуна тендер жарыялагандыгыбызды кубануу менен билдиребиз. http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/list.xhtml?cid=2

Жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жалпы 140 баланы камтыган алты топтук бөлүмдөргө ылайыкталган. Долбоордук-сметалык документациясы толугу менен бүткөрүлдү.

Имаратта оюн бөлмөлөрү, ашкана, уктоочу, жуунучу бөлмөлөр, түйүндөр, кабыл алуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, башчынын, методисттин кабинеттери, музыка + спорт залы, кызматкерлер бөлмө, кампалар жана башка жайлар каралган.

Тендер, Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу өткөрүлөт.

Жаңы жалпы билим берүү мекемесинин курулушунун баштапкы сметалык баасы 48 миллион 398 миң 113 сомду түздү. Каржылоонун булагы- шаардык бюджеттен каралган.