Бүгүн борбор калаадагы №93- мектепте Ленин районунун мектеп окуучулары арасында спартакиада башталды.

Балдар жана мугалимдер менен биргеликте спорттук иш-чараны район башчысы Чынасыл Чыныбаев ачты.

Белгилей кетсек, мектеп окуучулары спорттун 5 түрү боюнча мелдешишет: шахмат, дартс, кичи футбол, билим берүү стандарттары, эстафета.

Ал эми Свердлов районунда бүгүн мугалимдер арасында спартакиада башталды.

№66- мектепте 27 мектептин 140ка жакын мугалими спорттун төрт түрү - волейбол, стол тенниси, аркан тартыш, дартс боюнча күч сынашат.

Биздин балдарга жана мугалимдерге жеңиш, сонун маанай жана жакшы оюндарды каалайбыз!