Бүгүн Биринчи май акимиятында пробация боюнча кеңештин пландуу жыйыны өттү.

Район башчысы Максат Нусувалиев, мамлекеттик жана шаардык кызматтардын кызматкерлери катышты.

Пробацияда турган адамдарга социалдык жардам көрсөтүү маселелери каралды. Бүгүнкү күндө район боюнча 154 адам каттоодо турат.

Аким пробациянын кардарларын социалдык жактан кайра калыбына келтирүү боюнча: жарандарга социалдык жөлөк пулдарды, өздүгүн тастыктаган документтерди, жашаган жери боюнча каттоону алууга, ошондой эле жумушка орношууда көмөктөшүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Белгилей кетүүчү нерсе, райондук акимиаттарда бош орундар боюнча туруктуу эсеп жүргүзүлүп турат, ылайыктуу орундар пайда болгондо биз пробациянын кардарларын жумушка алабыз.

Эске салсак, пробация – бул, шарттуу жазанын түрү, анда сот тарабынан белгиленген сыноо мөөнөтү менен соттолгон адам атайын органдардын көзөмөлүнө алынат.