Бишкек шаарынын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу жана Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев “Бугу-Эне-Багыш” жаңы конушунда иш сапар менен көчмө жолугушуу өткөрүштү.

Жаңы конуштун турак жай аймагынын баштапкы деңгээлин аныктоо, электр энергиясы менен жабдуу, суу, транспорт менен камсыздоо, жолдорго жана шагыл төгүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, турак жай конушунун баштапкы тилкесин аныктоо иштери аяктагандыгына байланыштуу шаардыктар "Кадастр" мамлекеттик мекемеси менен байланышып, жер тилкелеринин чектерин аныктап, мыйзамдуу документтерди ала алышат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги узундугу 400-500 погон метр болгон "Бугу-Эне-Багыш" конушуна кирүүчү жолдорго шагыл төгүп толтурууну жүргүзүп жатат.

Райондук администрация тарабынан жаңы конуштун борбордук жолдоруна шагыл төгүлүп, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жолдору түздөйт.

Бишкек шаарнын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгына  "Бугу-Эне-Багыш" конушуна убактылуу каттам ачуу маселесин карап чыгуу тапшырылды.