Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу жана каттоо пункттарында болду.

М.Нусувалиев райондун жашоочуларынан биометриканы чогултуу жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин консультациялары менен таанышты.

Белгилей кетсек, №15 Муниципалдык аймактык башкармалыка 40ка жакын жашоочу кайрылып, анын 18и биометрикалык каттоодон өтүшкөн, №16 МАБдан 50 жаран консультация алышты, 12 тургун биометрикалык каттоодон өттү.

Ленин районунда 40 тургун биометрикадан өтүштү: №2 МАБда 15 жаран, “Ош Базары” соода-көңүл ачуу комплексинин аймагында 25 жаран каттоодон өттү.