Бүгүн Биринчи май районунун башчысынын биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков кирешелер боюнча штабдын жыйынын өткөрдү.

Аймактык салык кызматынын , ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча салык кызматынын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Экономика жана каржы департаментинин адистери, МАБтар катышты.

2021-жылдын 2- айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу маселелери каралды.

Жыл башынан бери Биринчи май району боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 320,3 млн сом суммасында салык төлөмдөрү жана жыйымдары түшкөн, коюлган план 269,2 млн сом, коюлган пландын аткарылышы 119,1% түздү.

Жыйынтыгында, салык кызматтарына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Биз, салык төлөмдөрүн өз убагында төлөгөндүгү үчүн ишкерлерге ыраазычылык билдиребиз. Рахмат!