Ленин акимиатында киреше боюнча штабдын жыйыны болуп өттүү, райондун башчысынын биринчи орун басары Алтынбек Маматов төрагалык кылып, Ленин району аймактык салык кызматынын , ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча салык кызматынын башчылары жана МАБ катышты.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн эки айдын ичинде жергиликтүү салык жыйымдарынын түрлөрү боюнча аткаруу маселеси каралып, март айына болжолдуу талкуу жүрдү.

Жыл башынан бери Ленин району боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 354,4 млн млн сом суммасында салык төлөмдөрү жана жыйымдары түшкөн, коюлган план 438,4 млн сом, коюлган пландын аткарылышы 80,8% түздү.

Жыйынтыгында, салык кызматтарына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү, ошондой эле тиешелүү документтерсиз (патенттин негизинде салык)  иштеп жаткан субъекттерди аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

Салык төлөмдөрүн өз убагында төлөгөндүгү үчүн ишкерлерге ыраазычылык билдиребиз. Рахмат!