Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев "Учкун" ишканасына барды.

Акимди башкы директор Дайыр Кенекеев тосуп алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Д.Арпачиев ишкананын ишмердүүлүгү жана өндүрүш процесси менен таанышып, өнүгүү келечегин талкуулады.

Белгилей кетсек, "Учкун" компаниясы 1926-жылы негизделген. Ишкана 40тан ашуун аталыштагы гезиттерди, китептерди, журналдарды, брошюраларды, ар кандай көлөмдөгү, форматтагы, тираждагы, түстөрдөгү жана байламдагы мектеп окуу куралдарын, графикалык жана тыштоочу буюмдарды, бланктарды жана башка басылып чыккан продукцияларды басып чыгарат. Компания ошондой эле мамлекеттик маанидеги документтерди: дипломдорду, мамлекеттик актыларды, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, нике күбөлүктөрүн жана башка көптөгөн нерселерди жасоодо бай тажрыйбага ээ.

Аким пландарды ишке ашырууда жана өндүрүштү кеңейтүүдө колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошол эле күнү, район башчысы №6 кичи районундагы бак-дарак отургузулган жерлерди текшерүүдөн өткөрүп, №15, №16 үйлөрдүн жанына көчөттөрдү отургузуу чечими кабыл алынды, жакында «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын багбандары иш алып барышат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнө, тиешелүү кызматтар менен биргеликте Лев Толстой жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселесин кароо боюнча буйрук берилди.

Көчмө жолугушууга "Бишкекжашылчарба", "Тазалык", "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканалары жана №9- МАБтын өкүлдөрү катышты.

Райондун бардык аймактары боюнча текшерүүлөр улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Бардык суроолор боюнча муниципалитеттин байланыш борборуна күнү-түнү: 1840 жана 1850 номурлары аркылуу байланышта, көйгөйлөр бар сүрөттөрдү 0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.

Биз ар дайым барбыз, байланыштабыз! Сураныч, Октябрь районунун социалдык тармактардагы аккаунттарына жазылыңыздар: https://www.facebook.com/orabishkek