Урматтуу шаардыктар! «Бишкексууканал»өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын адистери «Орто-Алыш» суу алгычындагы кудуктун суу көтөрүүчү түтүктөрүн алмаштырууда.

Аталган жайда жогорку квалификацияга ээ жана көп жылдан бери иштеген, тажрыйбасы кенен топ иштөөдө, балдар өз ишинин өзгөчөлүктөрүн жакшы билишет. Эч сарсана болбоңуздар!

Жумуш оор, анткени тереңдик насосун скважинага  салып, ошол эле учурда 92 метрлик суу көтөрүүчү түтүк орнотулууда.

Жумуштун жүрүшүндө монтаждоочу топ насосту (ЭЦВ 12-160 * 100 маркасы) скважинага салып, башкаруу пунктуна туташтырат.

Белгилей кетсек, «Орто-Алыш»  суу алгычы борбор калаадагы калкты 43% ичүүчү суу менен камсыз кылган суу менен камсыз кылуучу негизги булактардын бири болуп саналат.