Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги борбор шаарыбыздын жашоочулары менен   дайыма туруктуу жана тез байланышта.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардыктарды пландуу жеке кабыл алуунусун өткөрдү.

"Красный Строитель" турак жай массивинин тургуну Н.Сариев жер тилкесин легалдаштыруу маселеси боюнча кайрылды.

Ошондой эле, Кант шаарынын тургуну мэрдин милдетин аткаруучуга бир катар суроолор менен кайрылды: Чыгыш автобекет аймагындагы көпүрөнү оңдоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн батыш жана чыгыш тарабындагы ордендердин сүрөттөрүн, Бишкек шаарынын эски аянтындагы "Эмгек Даңкы" монументинин жазуусун калыбына келтирүү.

“Ак-Өргө” турак жай конушунун тургуну Д.Орозбакова №3 жана №12 МАБтын жетекчилигинин үстүнөн арыз менен кайрылып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранды.

Баардык кайрылуулар боюнча мэрдин милдетин аткаруучу шаардык кызматтарга жана райондук акимиаттардын башчыларына Бишкек шаарынын тургундарынын бардык маселелерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде тез арада чечүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Биз ар бириңиздер менен ар дайым байланыштабыз!

Суроолоду же даттанууларды 1840, 1850 номеринде кабыл алабыз. Сүрөттөрдү жана видеолорду Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр: 0554182185

Жарандар Бишкек шаарынын мэриясынын Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармагындагы расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат. Ошондой эле, бардык маалыматтар ыкчам түрдө Бишкек шаардык мэриясынын www.meria.kg расмий сайтына жайгаштырылат.