Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясынын жетекчилигинин көрсөтмөсүнө ылайык, «Бишкек шаардык санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын катуу турмуш-тиричилик таштандылары  долбоору боюнча маалыматтар мэриянын расмий сайтына системалуу түрдө жайгаштырылып турат.

Жаңы шайланган "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын директору Адил Назаровдун 2021-жылдын 12-январынан 12-мартына чейин аткарылган иштери жөнүндө отчету:

- жогоруда көрсөтүлгөн мезгил ичинде Бишкек санкцияланган полигондун аймагына 51 миң тонна катуу тиричилик таштандылары жана көчөлөрдүн шыпырындылары жеткирилип,көмүлдү;
- насыянын январь айындагы траншы 20 миллионго жакын суммада төлөндү.20.01.2021
- полигондун ичиндеги туруктуу өрттүн очоктору толугу менен өчүрүлүп, түтүн каптоонун алдын алындык, учурда таштанды төгүүчү жайдын бетинде өрт чыккан жок, таштандынын капталында түтүн чыгууда. Потенциалдуу өрттүн булактарына суу чачылып, топурак менен жабылып турат, мындан ары түтүн жана өрттүн алдын алуу үчүн туруктуу профилактикалык иштер жүргүзүлөт.
- Катуу таштандыларды жана башка таштандыларды чыгаруу боюнча чарбалык субъектилер менен 44 келишим түзүлгөн.
- мамлекеттик материалдык баалуулуктардын негизги аталыштары боюнча сатып алуулар жүргүзүлгөн;
- оңдоо иштери жүргүзүлүп, 2 бульдозер иштөө абалына келтирилди, жайгаштыруу карталары түзүлдү, учурда 3 карта боюнча турмуш-тиричилик таштандыларын жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө;
- башкы кеңсе К.Акиев көч. 52 дарегине кеңирээк кеңсеге көчүрүлдү. Жаңы кеңсени капиталдык оңдоого бюджеттен каражат жумшабай,  демөөрчүлөрдүн жардамы менен жасалды.
- катуу таштандыларды чыгаруу боюнча ылдам эсеп жүргүзүү жана катуу дискте киргизилген маалыматтарды сактоо максатында диспетчердик кызматты онлайн режиминде башкаруунун жаңы модели киргизилди;
- таштанды төгүүчү жайдын аймагында сорттоо боюнча келишимдин көлөмүн көбөйтүү менен ишкананын кирешеси көбөйтүлдү, кассалык эсеп аркылуу кирген кирешелерди каттоону күчөтүүнүн эсебинен киреше көбөйдү;
- унаа таразасынын профилактикалык оңдоосу жана  тууралоосу жүргүзүлдү, "унаа таразасы" программасы өркүндөтүлдү, уруксат берилбеген маалыматтарды оңдоо жана киргизүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды.
- экинчилик таштандыларды чарбалык жүгүртүүгө кайтаруу боюнча пилоттук долбоор башталды. Катуу таштандылардын морфологиялык курамына мониторинг жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы контейнер аянтчаларында тандоо жасалды.
- жаңы полигондун шартында даярдык көрүү жана сорттоо заводун ишке киргизүүгө даярдануу максатында, жумушчулар оптималдаштырылды, бардык коопсуздук эрежелерин жана эмгекти коргоо стандарттарын сактоо менен катуу таштандыларды жеткирүүнү эсепке алуу үчүн жооптуу адамдарга нөөмөттүк иш киргизилген. Катуу таштандыларды сорттоонун жана экинчилик таштандылардын чарбалык жүгүртүүгө кайтарылышынын тартиби жана катуу таштандылардын морфологиялык курамына мониторинг жүргүзүлүүдө;
- BSWM-5 жана BSWM-6 компоненттерин ишке киргизүү жанданды, башталган ишти аяктоо үчүн Кыргызстанга Эстониялык иш аткаруучу компаниянын өкүлдөрү жана кызматкерлери келишти. Сорттоо заводу үчүн BSWM-7 тендерине даярдык иштери жүрүп жатат.
- Кызматкерлердин көпчүлүгү "Кыргызтест" мамлекеттик тилин билүү тестинен ийгиликтүү өтүштү.

Ошондой эле, кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев менен биргеликте, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жылыткычтар таратылды.

Таштандыларды башкаруу тутумун өркүндөтүү, жаңы санитардык полигонду куруу, ошондой эле иштеп жаткан таштанды полигонун жабуу жана рекультивациялоо боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) долбоорун ишке ашырууну төмөнкү шилтемеден таба аласыздар: https: / /www.meria.kg/ru/post/19961.