Борбор калаанын мэриясы шаардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирип, мыйзамсыз объектилерди тазалоо иштерин улантууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жамааты, Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Эдем" кафесинин ээлери менен сүйлөшкөндөн кийин, өз ыктыяры менен кафени бусушту.

Андан кийин ыктыярдуу түрдө "FOOD TRUCK" тез тамактануучу пункту жана Лущихин жана Молдо Нияз көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз павильон алынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Борбор калаада соода жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз.