Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмад Аль Сулайти менен жолугушту.

Жолугушууда Катар мамлекетинин эсебинен ортопедия жана травматология үчүн 420 орундуу көп кабаттуу травматологиялык оорукананын курулушун акысыз жүргүзүү маселелери талкууланды, ал үчүн 9 миллион доллар инвестиция бөлүү пландаштырылууда.

Б.Кудайбергенов элчиге иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, Бишкек шаарынын мэриясы оорукананын курулушуна бардык уруксат документтерин даярдоого көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.