«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын командасы тышкы жарыктандыруунун жаңы тармактарын куруу боюнча иштерин улантууда.

Көптөгөн жылдардан бери жарыктандыруу орнотулбаган көчөлөргө, чолок көчөлөргө тышкы жарыктандырууну орнотууга өзгөчө көңүл бурабыз.

Бул жолу жарык берүү топ борбор калаанын бардык райондорунда жарык орнотуу жана оңдоо иштерин жүргүзүштү.

Биринчи май районунун Профсоюз көчөсундө П.Лумумба көчөсүнөн баштап Кайназаров көчөсунө чейин 12 чырак жарык берип жатат.

Ленин районунун Омский тар көчөсүндө Матыев көчөсүнөн Абдыкадыров көчөсүнө чейин 200 метр электр чубалгыларын тартып, 6 жарыкдиоддуу чырактарды орноттук.

Нехимов көчөсүнө Красная көчөсүнөн баштап Матыев көчөсүнө чейин чырактарды күйгүздүк, 9 жарыкдиоддуу чырактарды орноттук.

Свердлов районунун тургундарына Токтогул көчөсүнө Горький көчөсүнөн баштап чыгышты коздөй чырактардын жана электр чубалгыларынын оңдоо иштерин жүргүздүк, 8 жарыкдиоддуу чырактарды орноттук.

Мусоргский , Боталиев көчөлөрүндөгү чырактарды жана электр чубалгыларын текшердик.

Жарыктандыруу иштери улантылууда.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Эгерде сиздин көчөңүздө жарык өчүп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле билдирүүнү WhatsApp аркылуу жазсаңыз болот: 0777 902-115, 0702 805-756.

"Бишкекжарык"муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда дагы бар:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet