Турак – жай коммуналдык чарба иштери боюнча  вице-мэр Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринде мейманда.  

Баш калаабыздын жашылдандыруучуларын вице-мэр өтүп кеткен 8-марты менен куттуктады. Жакшылыктын эртели кечи жок дегендей бул майрамды уюштурууда  «Assanаbil» фонду колдоо көрсөттү.

40 кишиден  турган аялдардын бригадасы керектелүүчү азыктарды белекке алышты: ун, күрүч, буурчак, томат пастасы, суу май, кант, коютулган сүт ж.б.

Ардактуу «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери! Колуңар дарт көрбөй, көнүлүңөр гүлдөй жайнап, ар дайым шаарыбызды жашылдандырып жүрө бергиле!