Борбор калаада жалпы шаардык ишембиликке бардык райондордун активдүү жарандары жана кызматкерлери катышты.

Ленин районунда 19 уюм жана мекемеден, 711 адам катышты. 3 атайын техника тартуу менен айланасындагы жана бекитиленген аянттар тазаланып, 20 көчөт отургузулду.
Октябрь районунда 23 уюм жана мекемеден, 567 адам катышып, 65 көчөт отургузулду. 11 атайын техника тартылган.
Биринчи май районуна 337 адам, 11 уюм жана мекеме катышып, 30 көчөт отургузулду, 11 бирдик атайын техника тартылды.
Свердлов районунда 67 адамдан турган алты уюм жана мекеме чыгып, 30 көчөт отургузулду. 1 атайын унаа тартылган.

Белгилей кетсек, ишембиликке 50 уюм жана мекемеден 1680ге жакын адам катышкан.