Жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу Октябрь акимиатынын жыйындар залында жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрдү.

Отурумга, Бектенов көчөсүнүн тургундары, Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Жолдорду реконструкциялоо жана Бектенов көчөсүнө көпүрө куруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга шаардыктарды курулуш иштеринин схемасы менен тааныштыруу тапшырмасы берилди.

Жумуш расмий түрдө 2020-жылдын күзүндө башталган. Андан бери биз бардык даярдык иштерин жүргүздүк: көчөлөрдүн жалпы санынын ичинен (60) артыкчылыктуу көчөлөрдү аныктадык, быйыл 43 көчө бар, 2022-жылы - 17 көчө, жолдордун огун аныктоо жана жайгаштыруу иштерин жүргүздүк, инженердик тармактарды оңдоо боюнча шаардык кызматтардын сунуштарын эске алуу менен жолдорду убактылуу жабуунун схемаларын иштеп чыктык.

Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.