№70 мектеп-гимназиясында Эл аралык мектепте тамактануу күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова,  социалдык саясат боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева, Россиянын билим берүү министринин биринчи орун басары Дмитрий Глушко, Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Өнөр жай азыктануу институтунун (SIFI) өкүлдөрү катышты.

Мектепте ден-соолукка пайдалуу тамактандыруу программасынын маанилүүлүгүн кабардар кылүү үчүн, Эл аралык мектепте тамактануу күнү дүйнө жүзү боюнча 11-мартта белгиленет.

Ошондой эле, окуп жаткандарды сергек жашоого үндөөгө багытталган  “Ден-соолукка пайдалуу тамктануу айы” маалыматтык кампаниясы башталды.

Белгилей кетсек, 2013-жылдан бери Билим берүү жана илим министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана SIFI менен биргеликте, Россиянын каржылык колдоосу менен, өлкөнүн башталгыч мектептеринде тамактанууну жакшыртууга багытталган Мектеп тамактарын оптималдаштыруу программасын ишке ашырып келе жатат.

2022-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү кошумча 200гө жакын мектепти ден соолукка пайдалуу ысык тамак менен камсыз кылууну пландаштырууда.

Маалымат булагы: https://bilim.akipress.org/ru/news:1687521