Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаевдин кубогу үчүн жаштар командаларынын арасында кичи футбол боюнча ачык турнир башталат.

Мелдеш 2021-жылдын 13-мартынан 10-апрелине чейин «Жал» кичи районундагы №95 гимназия мектебинин окуу-тарбия комплексинин базасында башталат.

Футболдук иш-чаранын уюштуруучулары - Ленин районунун акимиаты жана шаардык мэриянын дене тарбия жана спорт башкармалыгы.

Турнирдин максаты - аймактагы дене тарбия кыймылын жандандыруу, жаш муундун ден-соолугун чыңдоо, ошондой эле олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебине кабыл алуу үчүн таланттуу футболчуларды аныктоо.

Белгилей кетсек, мелдешке 2010-2012-жылы туулган балдар катышат.