Шаар өз ишин улантууда. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы жаңы тышкы жарык берүү тармактарын куруу иштерин улантууда.

Биз, көптөгөн жылдардан бери жарык жок болгон көчөлөргө жана тилкелерге жарык орнотууга өзгөчө көңүл бурабыз.

Адистер Свердлов районунун аймагында тышкы жарыктандыруу иштерин жүргүзүштү.

Биз төмөнкү көчөлөрдө 117 светодиоддук жарык чырактарын орноттук: Кирпичная көч. Өзгөн көчөсүнөн ЧЧКга чейин, Минбулак, Мусорск, Дон тилкелерине, Баялинов көчөсүнөн ЧЧКга чейин, , Сеченов көчөсү Щербаков көчөсүнө чейин, Тельман көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө, Федоров көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин түндүккө карай, Воронеж көчөсүндө Рязин жана Достоевский көчөлөрүнүн ортосунда, Тульская көчөсүндө Элебесов көчөсүнөн чыгышка карай.  

Чыгыш-6 кичи районундагы Чокморов көчөсүндөгү №1, №3, №5 короолорунун ичинде жана Аламүдүн 1 кичи районундагы №37, №46 короолордун ичинде  12 светодиоддук жарык чырактары орнотулду.

Ошондой эле Жеңиш аянтына 20 жаңы энергия үнөмдөөчү чырак, 18 плафон орнотулуп, 145 метр электр зымдары тартылды.

Азыр жарык жана Керамическая конушундагы Обон көчөсүнө 20 жаңы светодиоддук лампалар орнотулду.

Эми “Керамическая” конушундагы Обон көчөсү дагы жарык. Биз 20 жаңы светодиоддук чырактарды орноттук.

Жарыктандыруу иштери дагы улантылат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздердин көчөңүздөрдө караңгы болсо, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиздер үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp тиркемеси аркылуу жазып, сураныч калтырсаңыздар болот: 0777 902- 115, 0702 805- 756- Эркеайым Бегалиева.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда дагы бар:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet