Балдардын жана өспүрүмдөрдүн атайын категориясын системалуу спортко, анын ичинде паралимпиадалык спортко тартуу боюнча ишти уюштуруу максатында, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү жаатында акысыз негизде кызматташууга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен "Ден-соолукка бирге" коомдук фондусу ортосунда меморандумга кол коюлду.

“Даун-синдрому”,  таяныч-кыймыл аппараты бузулган, аутизм, церебралдык шал оорусу бар   жана башка ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 12: 00дөн 14: 00гө чейин коомдук фонддун кызматкерлеринин коштоосунда “Дельфин” бассейнине баруу уюштурулат.

Ошондой эле, март айынан бери пауэрлифтинг жана дзюдо бөлүмдөрү ачылып, анда 4 машыктыруучу- окутуучу эмгектенишет. Азыр окуу топтору түзүлүп жатат.

Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектеби меценат Нурлан Касымов менен биргеликте "Ден-соолукка бирге" коомдук фондуна майыптар коляскасын жана армрестлинг столун белек кылышты. Балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө боюнча машыктыруучуну бекитишти.

Белгилей кетсек, теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча спорт мектебинин тарбиялануучусу, пара армрестлинг боюнча Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси, Кыргызстандын чемпиону Канатбек Абдыжапаров кайрымдуулук уюмунун эл аралык грантын утуп, бул каражатты Жаш Гвардия көчөсү, 44 дарегиндеги спорт залды оңдоо үчүн жөнөттү. Оңдоо иштерин аяктоо 2021-жылдын 12-мартына чейин пландаштырылган.

Урматтуу шаардыктар! 2021-жылы 20-мартта саат 10: 00дөн 12: 00гө чейин 4-кичи райондагы, 19/1 үйүндө "Ачык эшиктер күнү" спорттук иш-чарасы өткөрүлөт, спорт мектебинде өстүрүлгөн бардык спорттун түрлөрү көрсөтүлөт, спортчулардын көрсөтмө оюндары болот. Борбор калаанын мектеп-интернаттарынын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борборлордун өкүлдөрү чакырылды.