Шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын 9-марттагы чечими менен мектептерде башталгыч класстардын окуучулары үчүн жана бала бакчадагы даярдык, жогорку топтун балдары үчүн оффлайн тартибинде билим берүү процесси жанданган, анын ичинде ата-энесинин бири тарабынан тарбияланган балдар (чакан топтордо 10дон ашык эмес бала).

Бүгүнкү күндө борбор калаада 77 бала бакча иштейт, 12инде оңдоо иштери жүрүүдө.

Буга чейин бала бакчалардын башчылары (топтогу 10 баланын эсеби боюнча) даярдык жана нөөмөттүк топтордундагы 4.514 баланын тизмесин түзүшкөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы күн сайын келген балдардын санына эсеп жүргүзүп турат. 10-мартта бала бакчаларга 3 миң 43 бала келди.

Эскерте кетсек, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы жана Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары жана Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын арасында Курч респиратордук вирустук инфекциянын, COVID-19тун эпидемиологиялык абалын жана ооруларынын динамикасын көзөмөлдөп турушат.

Урматтуу балдар, ата-энелер, чоң ата, чоң энелер! Иммунитеттиңиздерди чыңдап, спорт менен машыгыңыздар, ден-соолукта болуңуздар. Өзүңүздөргө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!