Урматтуу шаардыктар, унаа ээлери! Жаздын алгачкы күндөрүнөн баштап "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 2021-жылга карата өндүрүш планына ылайык борбор калаанын көчөлөрүн иретөөгө киришти.

Бүгүн биз көчөлөрдүн капиталдык курулушун баштап жатабыз. Биринчи бөлүм Исакеев көчөсү Ауэзов көчөсүнөн  Ч.Валиханов көчөсүнө чейин. Оңдоо иштерине байланыштуу, аталган тилкеде унаа кыймылы чектелген, жумуштарды ушул жай мезгилинде бүтүрүү планташтырылган.

Бир айдын ичинде  көчөлөрдө курулуш иштери башталат:
• Левоневский көч. Л. Толстой көчөсүнөн Асаналиева көч. чейин;
• Каховский көч. Тимур Фрунзе көчөсүнөн Кривоносов көч. чейин;
• Арал көч. Элебесов көчөсүнөн Дачный көч. чейин;
• Дачный көч. Арал тилкесинен Керченский тилкесине чейин;
• Шевченко көч. Ж.Жолу проспектисинен Мичурин көч.чейин;
• Васильев көч. Манас көчөсүнөн Тулебердиев көч. чейин;
• Жогорку Көк-Жар 7-апрель көчөсүнөн "Кум Шагыл" жабык акционердик коомуна чейин.

Азыр бул жети көчөдө даярдык иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, ушул жылы "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы узундугу 16,5 км болгон 27 көчө бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзөт. 2020-жылы башталып бүтө элек 2,743 км узундуктагы 9 көчөнү оңдоп бүтөбүз.