Урматтуу шаардыктар! Жаз-жай мезгилине даярдануу максатында «Киркомстром» суу алуучу жайында жана шаардын суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу, эртең, 11-мартта саат 9:00дөн кечки 18:00гө чейин: Абакан, Белгород, Кустанай, Тирасполь көчөлөрү жана Архангельск тилкеси менен чектелген аймакта ичүүчү суу менен камсыз кылуу убактылуу үзгүлтүккө учурайт, анын ичинде:

• “Бишкектеплоэнерго" комуналдык ишканасы;
• “Бишкекмультсервис”жабык акционердик коому;
• №137 "Счастливая страна" бала бакчасы;
• "Нургаз" ЖЧКсы;
• Доктор Бекбоевдин медициналык борбору;
• Васипов жеке ишканасы (чакан нан бышыруучу жай);
• Астрахань көч. №31 дарегиндеги Балдарды коргоо борбору;
• №42 мектеп;
• "Шинкар" дүкөнү;
• «ГМК Корунд» ЖЧКсы;
• "Салтанат" кафеси;
• "Санжыра" чайканасы;
• "Меридиан" банкеттик залы;
• №43 почта бөлүмү;
• "Мастер Комп" компьютердик клубу;
• "Роза" сулуулук салону;
• "Гранд Плюс" дүкөнү;
• ЖЧК "Окно Роста";
• "Aзия радуга" кондитердик дүкөнү.

Ошондой эле, ушул оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу, "Бишкектеплоэнерго" комуналдык ишканасы жылуулук энергиясын ысык суу түрүндө берүүнү Т.Фрунзе, Гагарин, Каховск көчөлөрү менен чектелген аймакта (Айыл чарба институтунун аймагы) 11-мартта жана 12-мартта саат 10:00дөн 17:00гө чейин токтотууга аргасыз болушу мүмкүн.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы, "Бишкектеплоэнерго" комуналдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз!

Бардык жашоочуларга жана социалдык-маданий объектилерге МАБ жана кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу ичүүчү суунун өчүрүлүшү жөнүндө кошумча эскертүү берилет.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү телефонго кайрылыңыздар: 1533 - бул шаардыктардын кайрылуулары боюнча бирдиктүү маалымат борбору.Ошондой эле, борбордук мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850- номурлары аркылуу күнү-түнү иштейт, көйгөйлөр бар фото жана видео фактыларды WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтсөңүздөр болот.