Свердлов райондук администрациясында  башчынын биринчи орун басары Садык Мырзакматовдун жетекчилиги алдында киреше боюнча штабдын жыйыны өткөрүлдү.

Жергиликтүү бюджеттин эки айдын ичиндеги  киреше бөлүгүн аткаруу маселеси каралып, март айына карата милдеттер талкууланды.

Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө Свердлов району боюнча салык кызматы 216,4 млн сом планында  243,8 млн сом суммасында салык төлөмдөрү жана жыйымдары чогултуп, пландын аткарылышы 112,4 %ды түздү.
Эскерте кетсек, Октябрь районунда эки айлык план 102% га аткарылган.

Райондук кызматтар жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууну улантууда жана Свердлов району салык чогултуу планын аткарды.