Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Мироненко Николай Кузьмичти 94 жаш мааракеси менен куттуктады.

Чай ичип отуруп, Николай Кузьмич бизге 51 жылдан бери жубайы менен ынтымакта жашап, эки бала жана үч небере баккан өмүрү, үй-бүлөсү, жөнүндө айтып берди.

М.Нусувалиев чоң атага улуттук чапан тартуулап, калпак кийгизип, райондук администрациянын атынан акчалай белек тапшырды.

Райондун ардагерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү райондук администрациянын көзөмөлүндө жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп турат.

Биринчи май районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 12 катышуучусу жашайт.