Урматтуу шаардыктар! Жаз-жай мезгилине даярдануу максатында “Ак-Бата”, “Ак-Жар” суу алгычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу, 4-мартта эртең мененки саат 9:00дөн баштап 17:00гө чейин "Ак-Жар", "Ак-Бата", "Келечек" конуштарында, анын ичинде: №43, №87 мектептеринде, №21 муниципалдык аймактык башкаруусунда ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Жаңы имараттын жана социалдык-маданий объектилердин бардык жашоочуларына МАБ жана кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу ичүүчү суунун өчүрүлүшү жөнүндө кошумча эскертүү берилет.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү телефонго кайрылыңыздар: 1533 - бул жарандардын кайрылуулары боюнча бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле, борбордук мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номурлары күнү-түнү иштейт, көйгөйлөрдүн фото жана видео фактыларын  WhatsApp: 0554 182-185 номерине  жөнөтсөңүздөр болот.

Биз ар дайым байланыштабыз! Өзүңүздөргө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!