Борбор калаанын мэриясынын жетекчилиги борбор шаарыбыздын жашоочулары менен туруктуу жана ыкчам байланышта.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардыктар үчүн жеке кабыл алуу өткөрдү.

Жолугушууга үч жаран келди, алардын арасында "Шербото" айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коомдук экологиялык фондунун директору Таштанбек Кожогулов шаарды жашылдандыруу боюнча бир катар багыттарды сунуш кылды.
Ошондой эле, борбордук мектептердин биринин мугалими мэрдин милдетин аткаруучуга кайрылып, билим берүү уюмунун директорунун үстүнөн арыз түштү.

Билим берүү башкармалыгынын адистери, мектеп директору жана борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жеринде иликтешти.

Чоң сыйымдуу автобустарды сатып алуу маселеси боюнча жолугушууга “Шыдыр Жол Кей Джи” компаниясынын өкүлдөрү келишти.

Шаардыктардын бардык кайрылуулары боюнча мэрдин милдетин аткаруучу тиешелүү кызматтарга жана муниципалдык райондук администрациялардын башчыларына бишкектиктердин бардык маселелерин тез арада чечүүнү тапшырды.
Урматтуу шаардыктар! Биз ар бириңиздер менен ар дайым байланыштабыз!

Суроолорду жана арыздарды 1840, 1850 номерине чалып калтырсаңыз болот, сүрөттөрдү жана видеолорду Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр: 0554182185

Шаардыктар Бишкек шаарынын мэриясынын Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармактарындагы расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат. Ошондой эле, бардык маалыматтар ыкчам түрдө Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына www.meria.kg жайгаштырылат.