Борбордук мэрияда биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуусу өттү.

Күн тартибине "Бишкекжашылчарба", "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканаларынын 2021-жылга карата өндүрүштүк пландары каралды.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Дербишевдин айтымында, быйыл 9264 жалбырактуу бак, 2622 ийне жалбырактуу дарак жана 3600 бадал отургузуу пландалууда. Ошондой эле 150 миң даана тирүү тосмо, 3 930 даана роза гүлү отургузулат.

Жакында шаардын гүлзарларында жоогазындар гүлдөйт, аларды күзүндө отургузганбыз. Кийин 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүл көчөттөрү отургузулат.

2021-жылы 15 гектар аянтка газондор уюштурулат.

Ошондой эле ушул жылы шаардын төрт районунда узундугу 10 км ирригация тармактарын жана узундугу 29,4 км сугат суу түтүгүн калыбына келтирүү жана орнотуу пландаштырылууда.

"Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башчысы Нурбек Чолпонбаев белгилегендей, быйыл 16,5 км узундуктагы 27 көчөнү оңдоо пландалууда. 2020-жылы башталып бүтө элек 2,743 км узундуктагы 9 көчөнү капиталдык  оңдоодон өткөрүп жыйынтыктайбыз.

Албетте, биринчи кезекте тротуарларды куруу маселеси турат. Быйыл көчөлөрдүн 17 тилкесине 21 миң метрден ашык тротуарларды иретке келтирүү пландалууда.

Ошондой эле, Москва көчөсү Манас проспектисинен, Жаш Гвардия бульварына чейин, Раззаков көчөсү Токтогул көчөсүнөн Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейин  тротуарларды оңдоо иштери аяктайт.