Бүгүн, шаардык мэриянын жыйындар залында вице-мэрлер Айжан Чыныбаева, Азамат Сагындык уулу,  Катар кайрымдуулук уюмунун "Катар Черети" Кыргыз Республикасындагы филиалынын директорунун орун басары Апсалман Хомам менен жолугушуусу болуп өттү.

“Ак-Өргө” конушундагы медициналык амбулаторияда тез жардам станциясын куруу маселесин талкууладык. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат, пайдубалын тургузуу, монолиттүү өзөктөр менен кыш дубалдарын тургузуу жана сейсмикалык курларды орнотуу иштери аяктаган.

Ошондой эле “Бакай-Ата” конушуна фельдшердик-акушердик борборду куруу маселеси талкууланды, Катар тарап амбулаториянын курулушун биргелешип каржылоого даяр экендигин билдирди. Курулуш аяктагандан кийин медициналык борбор “Бакай-Ата” конушунун беш миңден ашуун тургундарын тейлей алат.

Дагы бир жакшы жаңылык - тараптар №6 шаардык клиникалык ооруканада медициналык корпустун курулушунун жаңы долбоорун баштоого макулдашышты.