Бишкекте кайрымдуулук акциясы уланууда.

Бүгүн Erkaishera, Kamili beauty  жана "Силуэт" сулуулук салондорунун чеберлери Бишкек шаарындагы жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн сулуулук күнүн уюштурушту.
Чач тарачтар чоң ата, чоң энелерине модалуу чач жасалгаларын жасап, чачтарын жана каштарын боёшту. 45ке жакын адам сулуулук кызматынан пайдаланышты.

Эске салсак, Бишкек шаардык улгайган адамдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги стационардык мекеме 1961-жылдан бери иштеп келет.

Мекеме жергиликтүү бюджеттен каржыланат, аны кармоого жыл сайын болжол менен 24 миллион сом бөлүнөт.

Учурда бул мекеменин бардык бөлүмдөрү социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары менен камсыз болушат, ошондой эле эң биринчи керектелүүчү буюмдар жана кийим-кечелер менен толук камсыз болушат. Бүгүн бишкек социалдык стационардык мекемесинде 215 адам жашайт.