Шаар өз ишин улантууда. "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы   жашыл аянттардын өсүшүнө, чыңдалышына салым кошкон "Микориза" (козу карындын тамыры) 20 килограмм  биологиялык жер семирткичин "Биоусмир" компаниясы менен "Инновация" коомдук фондунун ортосундагы меморандумдун алкагында бекер алды.

Микоризанын жардамы менен көпчүлүк өсүмдүктөрдүн сиңүүчү тамыр бети 1000 (!) эсеге чейин көбөйүп, топурак жакшырып, топурактын түшүмдүү катмары жогорулап, жалпы иммунитет пайда болот.

"Биоусмир" компаниясынын жана "Инновация" коомдук фондунун  өкүлдөрү күнөсканаларда биздин өсүп жаткан өсүмдүктөргө жер семирткичти кантип туура чачуу керектигин көрсөтүштү.

Бишкек шаарынын мэриясы борборду жашылдандырууга көрсөткөн колдоосу үчүн "Биоусмир"  компаниясына жана "Инновация" коомдук фондуна чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет.