Свердлов райондук акимиатында жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны болуп, райондун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Асел Сыдыкова төрагалык кылды.

Жыйынга балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү, билим берүү уюмдарынын директорлору, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы жана өздүк курамы, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана билим берүү борборунун кызматкерлери катышышты.

2 ай ичинде эки рейд жүргүзүлүп, кароосуз калган 22 бала аныкталган, бардык балдар жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Балдар иштери боюнча комиссиянын алты отуруму өткөрүлүп, 76 токтом даярдалды.

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында "тобокелдик тобундагы" балдар менен иш жүргүзүлүп жатат, алардын ичинен бизде 379, райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын  каттоосунда 67 жашы жете элек балдар, мектептин ичинде каттоосунда 56 окуучу турат.

Жолугушуунун жыйынтыгында бул багытта биргелешкен ишти күчөтүү чечими кабыл алынды.