Борбор калаада аялдар жана эркектер арасында бильярд боюнча Кыргыз Республикасынын “Курама пирамида” чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек шаарынан 64 спортчу катышты.

Турнир 24-26-февраль аралыгында PAVO бильярд клубунда өттү.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун - Арсен Каленбаев - бильярд жана велоспорт боюнча спорт мектеби;
2-орун - Абдулла Тагаев - бильярд жана велоспорт боюнча спорт мектеби;
3-орун - Кайрат Абсатаров - бильярд жана велоспорт боюнча спорт мектеби.

1,2,3-орундарды ээлеген спортчулар спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын тиешелүү даражадагы медалдары жана дипломдору менен сыйланышты.

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуларды жеңиши менен куттуктайт! Сиздерге чың ден-соолук жана чоң ийгиликтерди каалайбыз!