Урматтуу шаардыктар! Шаардык мэрия борбордун тургундары менен ар дайым байланышта.

Эскерте кетсек, борбор калаанын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгында  күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин шаардыктарды жеке кабыл алуулары өтүүдө.

Шаардык саламаттыкты сактоо мекемесинин башчысы Бактыгүл Исмаилова жана медициналык жардамды уюштуруу жана электрондук саламаттыкты сактоо, юридикалык бөлүмүнүн кызматкерлери бишкектиктердин көйгөйлөрүн чечүүгө жардам беришет.

Жеке жолугушууга жазылуу үчүн 31 87 80 номерине чалыңыздар.

Биз ар дайым байланыштабыз жана борбордун ар бир жашоочусуна жардам берүүгө даярбыз