Пандемия өзүнүн өзгөртүүлөрүн киргизип, биз шаардын бардык тургундарын чогултуп, салттуу Жаңы жылдык иш-чараларыбызды, майрамдык концертибизди уюштура албай калдык. Бирок биз бишкектиктерге жаңы жылдык маанай тартуулоого милдеттүүбүз, буга байланыштуу биз жыл сайын өтүүчү мыкты Жаңы жылдык жасалгалоо сынагын уюштурганбыз.

Борбор калаанын мэриясында Жаңы жылдык мыкты жасалгалоо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева жылуу ыраазычылык билдирип, куттуктап, ыраазычылык каттарын тапшырды.

Сынак 2020-жылдын 2-декабрында башталган, катышууга каттар 31-декабрга чейин кабыл алынган. Жети номинация боюнча сынакка катышуу үчүн 57 кат келип түшкөн.

"Райондун жаңы жылдык мыкты жасалгалоосу" номинациясы боюнча 1-орун Свердлов районундагы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясына берилди. Экинчи орунда Биринчи май райондук администрациясы, үчүнчү орунду Ленин райондук администрациясы, ал эми Октябрь району төртүнчү орун менен сыйланышты.

"Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын мыкты жаңы жылдык жасалгалоо” боюнча номинацияда "Ак-Тилек", "Жеңиш", "Бакай-Ата" конуштары жана Биринчи май районунун 27-кварталы мыкты деп табылды.

"Мыкты жаңы жылдык короону жасалгалоо" номинациясы боюнча мэрия тургундарды ыраазычылык каттары менен сыйлады:
- Октябрь районунун "Көк-Жар" кичи районундагы "Бекем Ынтымагы” Үй ээлеринин ассоциациясын;

- Биринчи май районун, Логвиненко көчөсүнүн, 55 дарегиндеги "Панфилова-Логвиненко" Үй ээлеринин ассоциациясын;
- Ленин районунун "Жал-23" кичи районундагы 70 жана 70/1 үйүн;

- Биринчи май районун, Ахунбаев көчөсүндөгү, 125-үйүнүн, "Кооз үй" Үй ээлеринин ассоциациясын.

"Министрликтердин жана административдик ведомстволордун имараттарынын жанындагы фасаддарды жана ага чектеш аймакты Жаңы жылдык мыкты жасалгалоо" номинациясына төмөнкүлөр ээ болушту:

- Октябрь райондук ички иштер бөлүмү;

- Ленин районунун №2 Муниципалдык аймактык башкармалыгы;

- Свердлов районунун № 17 муниципалдык аймактык башкармалыгы;

- Биринчи май районунун №6 Автордук окуу-тарбия комплекси  (мектеп-гимназия).

"Ири соода борборлорунун, жана базарлардын имараттарынын фасаддарын жана ага жанаша жайгашкан аймактарды жаңы жылдык мыкты жасалгалоосу" номинациясында "1000 мелочей" жана "Бишкек парк", "Ималл" жана "Технопарк" соода жана көңүл ачуу борборлору жеңүүчү деп табылды.

“Винни-Пух” балдар дүкөнү жана “Бухара Ассорти кафеси”, “Соода жана тейлөө имараттарынын, кеңселердин жана башка объектилердин фасаддарын жана ага чектеш аймакты жаңы жылдык мыкты жасалгалоосу” номинациясында жеңүүчү болушту.

Эң мыкты жеке же жамааттык видео куттуктоо "Жаңы жылыңыз менен, сүйүктүү шаарым!" комиссиянын чечими менен үч катышуучуга - Ленин районунун № 31, 47, 58 мектептерине сыйлык ыйгарылды.