Шаар өз ишин улантууда. Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстарын башкаруу имаратында Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерине жеңилдетилген типтеги объектилерге укук берүү боюнча комиссия өткөрүлдү.

Анда 137 маселе каралып, анын 70и жалпы аянты 1.953 чарчы метрди түзгѳн  214 миң 972,18 сом суммасындагы ижаралык келишимдер түзүлдү.

Октябрь районунда- 26, Биринчи май районунда- 9, Свердлов районунда - 11 жана Ленин районунда- 22 келишим түзүлдү.
Жарнак конструкцияларынын  жалпы аянты аянты  22 чарчы метрди түзгөн 5  ижара келишимден 3нө уруксат берилди.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.