Шаар ишин улантууда. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоодо.
Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ишкананын кызматкерлерине шаарды жарык менен толук камсыздап, иштин сапатына жана ылдамдыгына жаңы стандарттарды орнотуу милдетин койду.

Көп жылдан бери жарык жок болгон көчөлөргө жана аллеяларга жарык орнотууга өзгөчө көңүл бурабыз.

Эми, №5 кичи районундагы №36/1 үйүндө, №7  кичи районунда, № 38, №44 короолордун ичинде   ар дайым жарык, бардыгы 11 лампа, 11 кронштейн, 9 темир таяныч орнотулду.

Учурда “Чыгыш-5” кичи районунда №24В,Б, №25А,Б, №23/2, №17/2, №18/2, №12/2 ,№11/2, №24/2, №13,2, №17/2,№18/2, №13,№10/2, №8/2,№14/2,№15/2, №16/2, №16/2, №5/2, №5/2 а, №4/2, №6/2, №6/2, №7/2, №9/2, №1/2, №2/2, турак үйлөрдүн короолорунун ичинде иш жүрүп жатат. Ошондой эле №53 мектептин аймагы, "Солнышко" бала бакчасынын жээгиндеги аллеялар жарыктандырылат. Буга чейин 34 бетон фундаментин орноттук.

Так ушул тапта "Дачный Керченский" конушунда  1, 2, 3, 4, 5, 40 көчөлөрүндө тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп, 40 светодиоддук лампа жана 40 кашаа орнотулду.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздердин көчөңүздөрдө караңгы болсо, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиздер үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле WhatsApp аркылуу жазсаңыздар болот: 0777 902- 115, 0702 805- 756.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда дагы бар:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet