26-февралда Киевде украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүүгө арналган аялдар арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча 24-эл аралык мелдеш башталган.

2021-жылы Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарынын алдында Киевге дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүнөн балбандар келишти.

Эл аралык турнирге Кыргызстандын курама командасы дагы катышып, биздин спортчулар - шаардагы спорт мектептердин тарбиялануучулары жогорку натыйжаларды көрсөтүп, алтын, күмүш жана коло медалдарын жеңип алышты:

• Айсулуу Тыныбекова - 1-орун (62 кг) Свердлов районунун спорт мектеби;
• Мээрим Жуманазарова - 1-орун (68 кг) Ленин районунун спорт мектеби;
• Жоломан Шаршенбеков т -2-орун (60 кг) Свердлов районунун спорт мектеби;
• Медет кызы Айпери - 2-орун (76 кг) Свердлов районунун спорт мектеби;
• Карыпбаев Нуртилек -3-орун (92 кг) Ленин районунун спорт мектеби.

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуларды жеңиши менен куттуктайт! Чың ден-соолук жана чоң ийгиликтерди каалайбыз!